Электронная библиотека КНУ им.Ж.Баласагына

Моя родина там, где моя библиотека. Эразм Роттердамский


  • Кыргыз Республикасынын эмгек укугу
    • Раманкулов К. С. Кыргыз Республикасынын эмгек укугу: Окуу курал.-Бишкек: Полиграфбумресурсы, 2017.- 472 б. ISBN 978-9967-32-213-4
    • Бул окуу китеп КР эмгек укугу тармагын, жамааттык эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуунун механизмин, жекече эмгек укугунун өзгөчөлүктөрүн, жекече жана жамааттык эмгек талаш-тар- тыштарын ж.б. чечүу тартибин мүнөздөөчу маселелерди кароого жардам берет. Бардык бөлүмдөр боюнча КР эмгек мыйзамдарынын практикалык комментарийлери сунушталат, эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуунун кыйла татаал маселелерине басым жасалат. Окуу китеп юристтер жана укук колдонуу ишмердигин жүргүзгөн адистер (иш берүүчүлөр, юридикалык органдар жана мекемелер), ишкерлер, кесиптик бирликтердин өкүлдөрү, ошондой эле ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттери үчүн даректелген.
  • Философия национального нигилизма, языковая политика и культура
    • Нусупов Ч.Т. Философия национального нигилизма, языковая политика и культура: Монография. Часть 1 / КНУ им.Ж.Баласагына.- Бишкек: Илим, 2006.- 124с. ISBN 9967 - 08 - 073 – 6
    • В монографии док. философ. наук, проф. Ч. Т. Нусупова затрагивается проблема философско- культурологического анализа языкового процесса в Кыргызстане в советскую эпоху, определяются виды двуязычия и их функции. Раскрывается социальная природа национал-нигилизма, оказавшего отрицательную роль на диалектическое развитие языковых отношений в республике и превращения кыргызского языка во второстепенный, ограниченный во всем, язык в своем Отечестве. Через посредство освещения языковой проблемы исследуются и письменные литературные традиции прошлого кыргызского народа. Книга рассчитана на широкий круг читателей - государственных и политических деятелей, научных и творческих работников, обществоведов, преподавателей ВУЗов, аспирантов и студентов.
  • Текст таануунун теориясы
    • Маразыков Т. С. Текст таануунун теориясы: Окуу куралы / КР Билим Беруу жана Илим Мин-ги, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Кыргыз филологиясы фак-ти, Кыргыз тил илими кафедрасы.- Бишкек: " Айат ", 2014. - 112 б. ISBN 9967-13-139-1
    • Бул окуу китебинде текст таанунун теориялык негиздери, текстти изилдөөнүн өнүттөрү жана негизги принциптери, текст жана анын негизги белгилери, тексттин жиктелиш маселеси, текстке анализ жүргүзүүнүн принциптери, тилдик эмес факторлордун текстти уюштурууга катышы, тексттин түзүлүш, уюштурулуш табияты, маалымат алмашуунун мониторинги жана анын текстти уюштуруучу мүмкүнчүлүктөрү жаңы илимий-теориялык багытта иликтөөгө алынган. Окуу китеби филолог адистерге, студенттерге, аспиранттарга жана тил илимине, сүйлөө маданиятына кызыккан жалпы эле окурмандарга арналат.
  • Международные стандарты финансовой отчетности
    • Международные стандарты финансовой отчетности: Учебник для студентов высших учебных заведений КР / А.А.Арзыбаев, Т.А.Абдыкаиров, Ж.К. Копобаева, А.А.Сапалов, Р.Т.Табрисова.- Бишкек:Maxprint, 2016.-320с. ISBN 978-9967-32-185-4
    • Учебник включает вопросы связанные с ведением бухгалтерского финансового учета хозяйствующих субьектов на основании Международных стандартов финансовой отчетности.Учебное пособие предназначен для бакалавров и магистров по направлению “Экономика”, а также для практикующих бухгалтеров и аудиторов.
  • Государственные и муниципальные финансы Кыргызской республики
    • Турсунова С.А. Государственные и муниципальные финансы Кыргызской республики: Учебное пособие для вузов. - Бишкек, 2022.- 91с. ISBN 978-9967-29-547-6
    • Рассмотрены основные вопросы функционирования государственных и муниципальных финансов: сущность, роль, функции, принципы организации, структура. Раскрыты важнейшие аспекты бюджетной системы: структура, принципы построения, бюджетная классификация расходов и доходов, доходы и расходы республиканского и местных бюджетов, принципы межбюджетных отношений, инструменты межбюджетного регулирования, основы бюджетного процесса. Для студентов высших учебных заведений, обучающихся по направлению подготовки «Экономика».
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык финансылары
    • Турсунова С.А. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык финансылары: ЖОЖдор үчүн окуу куралы.- Б.:”Улуу Тоолор”., 2023.-111с. ISBN 978-9967-29-547-6
    • Мамлекеттик жана муниципалдык финансылардын иштешинин негизги маселелери каралды: маңызы, ролу, функциялары, уюштуруу принциптери, түзүмү. «Экономика» багыты боюнча жогорку кесиптик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык келет.«Экономика» даярдоо багыты боюнча билим алуучу жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн.
  • Кыргыз адабияты
    • Сманбаев А., Ишекеев Н. Кыргыз адабияты: Орто мектептердин 6-классы үчүн хрестоматия окуу китеби / КР Билим жана Маданият Мин-ги.- оңд.,толук. 2-бас.-Бишкек: МОК, 2003.- 368б. ISBN 9967-9012-2-5
    • Жазуучу өзүнүн чыгармасында кимди гана сүрөттөбөсүн, аны курчап турган айлана чөйрөсү, жаратылышы, иштеген иши, адамдар менен болгон карым – катнашы ж.б. менен бирдикте карайт.
  • Жапаркул Алыбаевдин чыгармачылыгы
    • Баймырзаев Б.А. Жапаркул Алыбаевдин чыгармачылыгы: Окуу куралы / КР Билим Берүү жана Маданият Мин-ги; Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз Адабияты кафедрасы.- Бишкек: Бийиктик, 2003.-80б. ISBN 9967-9018-3-7
    • Окуу куралы илимий кызматкерлерге, ЖОЖдордун гуманитардык факультеттеринин күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн студенттерине, изденүүчү аспиранттарына, окутуучуларына жана мектеп мугалимдерине, жалпы эле кыргыз китеп окурмандарына багышталат.
  • Абдылдабек Самүдүн уулу (Тайгүрөңөв)
    • Баймырзаев Б.А. Абдылдабек Самүдүн уулу (Тайгүрөңөв): Монография / КР Элге Билим Берүү Мин-ги; Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз адабияты кафедрасы.-Бишкек: Бийиктик, 2006.- 152б. ISBN 9967-13-173-х
    • Бул монография фольклорист-изилдөөчү Абдылдабек Самүдүн уулу (Тайгүрөңөв) жөнүндө, анын илимий көз караштары, эл оозунан жыйнаган материалдары жана жазган эмгектерине арналган. Монография илимий кызматкерлерге, мугалимдерге, аспиранттарга, студенттерге жана кыргыз рухий дүйнөсүнө кызыккан бардык окурмандарга сунушталат.
  • Макроэкономика
    • Баялиев Т.Р., Ботобеков А.Б. Макроэкономика: Жогорку окуу жайларынын экон. адис. студент. үчүн окуу китеби / КР Билим Берүү жана Илим Мин-ги.-Бишкек: Гүлчынар, 2021.- 188б. ISBN 978-9967-31-328-6
    • Бул китепте азыркы мезгилдеги рыноктук экономиканын алдыга умтулушу каралат да, анын ал абалы чагылдырылат, ошону менен бирге экономикалык теория курсу эң негизги түшүнүктөрдү жана терминдерди которуулары көрсөтүлөт. Ошондуктан ушул макроэкономика боюнча жазылган окуу китеби экономикалык адистиктеги жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн өтө пайдалуу жана эң керектүү болуп саналат да, бул окуу китебин жарыкка басып чыгарууга сунуш кылынат.