Окуу куралында, Windows 11, Microsoft Office 2021 программалык камсыздоо каражаттарын жана глобалдык тармак интернетти колдонуу боюнча түшүндүрмɵ, кɵрсɵтмɵлɵр берилип, ага удаалаш бышыктоо иретинде жɵнɵкɵйдɵн татаалды карай ар кандай деңгээлдеги тапшырмалардын жыйнагы иштелип чыккан. Бул программалардын версиялары жаңыланганда командалардын аткарылышы бир аз ѳзгѳрүлүшү мүмкүн.
Окуу куралы жогорку окуу жайларында окуган студенттерге «Информатика», «Маалыматтык технологиялар», «Берилиштер базасы» предметтерин окутууда айрыкча практикалык, лабораториялык иштерди аткарууда, кыргыз тайпалары үчүн негизги окуу куралдарынын бири катары колдонууга сунушталат.
Ошону менен бирге, жалпы эле маалыматтык технологияны ɵз алдынча окуп үйрɵнүүнү каалаган окурмандарга, университеттин окутуучуларына, мектеп мугалимдерине жана окуучуларына арналат.