Электронная библиотека КНУ им.Ж.Баласагына

Моя родина там, где моя библиотека. Эразм Роттердамский


  • Элементтердин химиясы
    • Бообекова С. Элементтердин химиясы: Окуу куралы / КР Билим Берүү жана Илим Мин-ги; Ж. Баласагын атындагы КУУ.- Бишкек, 2017. - 300 б.ISBN 978-9967-32-233-2
    • Элементтердин физикалык, химиялык касиеттерин окуп үйрөнүү айыл чарбасын химиялаштырууга, азык-түлүк жана энергетика маселелерин чечүүдө, жаратылышта белгисиз болгон заттарды жана материалдарды, толук жана жарым өткөргүчтөрдү, диэлектриктерди, ракеталык отунду, кычкылдандыргычтарды алуудагы билим денгээлинин негизги фундаментин түзөт. Кванттык теориянын принциптерине ылайык окуу куралы эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө s р-, ал эми экинчисинде d-, f-, элементтердин касиеттери каралат. Бул окуу куралын жогорку окуу жайларынын студенттери, окутуучулары, мектеп мугалимдери жана окуучулары, дегеле химия менен байланышкан адамдар колдонсо болот.
  • Жалпы жана органикалык эмес химия боюнча көнүгүүлөр жыйнагы
    • Бообекова С. Жалпы жана органикалык эмес химия боюнча көнүгүүлөр жыйнагы: Окуу куралы / КР Билим Берүү жана Илим Мин-ги; Ж. Баласагын атындагы КУУ. - Бишкек: Принт Экспресс, 2019. - 212 б.- ISBN 978-9967-32-338-4
    • Окуу куралы жалаң эле мектеп окуучулары, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери, мугалимдери үчүн керек болбостон, химия менен байланышкан бардык тармактарга: женил жана тамак - аш өнөр жайларында, медицинада, айыл чарбада, экология проблема- ларын чечүүдө, химия өнөр жайларында керектүү деп ойлойбуз. Окуу куралды жазууда, эсептерди түзүүдө Кыргыз Улуттук университетинин химия жана технология факультетинин профессору С. Бообекова көп жылдык эмгек тажрыйбалары жана 40 жьл бою практикалык, лабораториялык иштерди жүргүзүүдо химия жана технология, биология, география, физика факультеттеринде жалпы химиядан сабак берүүдө кенири колдонулган.
  • Биогеография
    • Кендирбаева А. Ж. Биогеография: География - экология адистигиндеги жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу китеби.- Бишкек: Принт Экспресс, 2018. - 164 б. ISBN 978-9967-32-327-8
    • Окуу китепте биогеографиянын экологиялык негиздерине, организм дердин таралуу жолдоруна, ареалдардын дизьюнкцияларына; кургактыктын флористикалык, фаунистикалык аймактарына, дүйнөлүк океандын биогеографиялык областтарына; кургактыктын негизги экосистемаларына, биогеоценоздордун компененттерине жана динамикасына мүнөздемө берилди.
  • Физикалык маселелер чыгарылыштары менен
    • Мамбетакунов Э., Кадышев С. Физикалык маселелер чыгарылыштары менен / КР Билим жана Илим Мин-ги. - Бишкек: Принт Экспресс, 2019. - 168 б. ISBN 978 - 9967 - 9170-2-6
    • Бул китепте физика курсунун негизги бөлүмдөрү боюнча жогорку татаалдыктагы теориялык жана эксперименттик маселелер толук чыгарылыштары менен берилди. Китеп жогорку окуу жайларынын студенттерине, жалпы билим берүүчү жана кесиптик мектептердин мугалимдерине, окуучуларына жана жалпы эле физика илимине кызыгуучуларга арналат
  • Физиканын тарыхынын кыскача курс
    • Усова А.В. Физиканын тарыхынын кыскача курс: Окуу куралы /Которгондор: Э. Мамбетакунов, А.С. Дөөлөталиева, О. Сулайманова. -Бишкек, 2019.-184б. ISBN 978-9967-467-99-6
    • Окуу куралы окутуучулар (лекциялардын курсун окуучу), ошондой эле предмет боюнча өз алдынча иштөө үчүн педагогикалык институттардын физика жана физика- математикалык факультеттеринин студенттери үчүн физиканы, физиканын методикасын, астрономияны окутуучуларынын Аймактык кеңеши, Урал жана Сибирь педагогикалык жогорку окуу жайлардын ОМК тарабынан басууга сунушталган.
  • Педагогикалык жогорку окуу жайларында физиканы окутуу
    • Мамбетакунов Э., Жораев М. Педагогикалык жогорку окуу жайларында физиканы окутуу. - Бишкек: Университет, 2015. - 380б. ISBN 978-9967-32-064-2
    • Окуу куралында жогорку окуу жайларында физиканы окутуунун жалпы маселелери, жалпы физика курсун окутуу, студенттерди болочок мугалимдерди теориялык жана методикалык жактан даярдоо маселелери каралган. Курал студенттерге,орто мектептин жана кесиптик билим берүүчү мекемелердин окутуучуларына арналат.
  • Горы мира - глобальный приоритет
    • Горы мира - глобальный приоритет: Энциклопедическое произведение / Ред. Б.Мессерли, Дж.Д.Айвз; Ред.русс.изд. Ю.П.Баденков, В.М.Котляков.- М.: Изд.дом "НООСФЕРА", 1999.- 468с. - ISBN 5-8126-0009-0
    • Книга представляет собой энциклопедическое произведение, в котором отражены ключевые проблемы развития горных регионов мира и даются рекомендации по их решению. Книга адресована политикам, ученым, специалистам по вопросам регионального планирования, развития, рационального использования ресурсов, охраны окружающей среды и защиты культурного наследия горных народов.
  • Регуляризация обратных задач, где вырождаются некорректные интегральные уравнения Вольтерра первого рода
    • Алыбаев Анарбек Масалбекович Регуляризация обратных задач, где вырождаются некорректные интегральные уравнения Вольтерра первого рода: Диссертация на соискание ученой степени доктора физико-математических наук / МОиН КР; КНУ им. Ж.Баласагына; 01.01.02.- Бишкек, 2023.- 203с.
    • В настоящей работе исследованы некорректные нелинейные интегральные уравнения Вольтерра первого рода (ИУВ-1) с различными пределами интегрирования, а также обратные задачи (ОЗ) с гиперболическими операторами и с нагруженными операторами параболического характера, и типа Кортевега Де Фриза в неограниченной области, вырождающиеся в нелинейные ИУВ-1 с решениями, связанные с функцией Дирака. При этом изложены методы регуляризации в обобщенном смысле изучаемых некорректных ИУВ-1 и ОЗ в введенных пространствах.
  • Физикалык маселелер
    • Мамбетакунов Э., Кадышев С. Физикалык маселелер (чыгарылыштары менен). – Бишкек, 2016. - 186 б. ISBN 978 – 9967 – 444 – 60 – 7
    • Бул китепте физика курсунун негизги бөлүмдөрү боюнча жогорку татаалдыктагы теориялык жана эксперименттик маселелер толук чыгарылыштары менен берилди. Китеп жогорку окуу жайларынын студенттерине, жалпы билим берүүчү жана кесиптик мектептердин мугалимдерине, окуучуларына жана жалпы эле физика илимине кызыгуучуларга арналат
  • Физиканын дидактикасы
    • Мамбетакунов Э. Физиканын дидактикасы: Окуу китеби. – Бишкек, 2015. – 189б.
    • Окуу китебинде орто жана жогорку окуу жайларында физиканы окутуунун теориялык маселелери университетте физика боюнча окутуучуларды даярдоонун мамлекеттик стандарттына ылайык чагылдырылган. Китеп студенттерге, мугалимдерге жана университеттин окутуучуларына арналат.
10