Монография элет жергесиндеги карапайым айылдык аялдардын социалдык көйгөйлөрүн чагылдырган актуалдуу маселелерге арналган. Анын ичинде социалдык маселелердин гендердик келбети, аял маселелерин чечүүдөгү концептуалдык көз караштар, аялдардын коомдогу саясый укуктарын жана диндеги аныкталган укуктарын талдоого багытталган. Бул эмгекте коомдук өзгөрүүлөр шарттарында аялдардын баалулук багыт алуусунун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле реформаланган коомдо аялдардын өнүгүшү жана гендер саясатынын негизги багыттары жана аларды иликтөө усулдары каралган. Студенттерге, магистранттарга, аспиранттарга, окутуучуларга жана социологияга кызыккан окурмандарга сунушталат.