Электронная библиотека КНУ им.Ж.Баласагына

Моя родина там, где моя библиотека. Эразм Роттердамский


  • Кыргыз адабиятынын окуу китептери: өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги
    • Ишекеев Н. Кыргыз адабиятынын окуу китептери: өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги: Монография / КР Билим Берүү жана Илим мин-ги.- Бишкек,2011.-216б. ISBN 978-9967-442-46-7
    • Монографияда мектептер үчүн кыргыз адабиятынын окуу китептеринин жаралышы, өнүгүшү жана бугүнкү кундөгү өзөктүү маселелери системалуу талдоого алынат. Изилдөө предметинин диахрондуу да, синхрондуу да проблемалары автор тарабынан мезгилдештирүү айдынындаа логикалык-аналитикалык терендиктее жана кенендикте жалпылаштырылат. Эмгек илим жана билим берүү чойрөсүнө арналат.
  • Кыргыз адабиятынын окуу программаларынын мазмуну жана проблемалары
    • Ишекеев Н. Кыргыз адабиятынын окуу программаларынын мазмуну жана проблемалары: Монография / КР Билим Берүү жана Илим мин-ги.- Бишкек,2010-168б. ISBN 978-9967-442-47-4
    • Монографияда мектептер үчүн кыргыз адабиятынын окуу программаларынын пайда болушу, өнүгүшү жана бүгүнкү күндөгү актуалдуу проблемалары талдоого алынат, ошондой эле жалпылаштырылат. Курамы мезгилдештирүүгө ылайык уюштурулган бул эмгек билим берүү тармагына жана илимий чөйрөгө арналат.
  • Айтматов таануу илиминин залкар өкүлдөрү
    • Садыков А. Айтматов таануу илиминин залкар өкүлдөрү : Окуу китеби / Ж.Баласагын атындагы КУУ; Дүйнөлүк адабияттын тарыхы жана теориясы кафедрасы. - Бишкек : " Бийиктик ", 2013. - 224 б. ISBN 978-9967-13-452-5
    • Китеп ЖОЖдун окутуучуларына, аспирант, изденүүчүлөргө, орто мектептин мугалимдерине жана жалпы эле Айтматовдун чыгармачылыгына кызыккан окурмандарга арналып, залкар жердешибизди таанып-билүүдө аз да болсо салым кошо алат го деген ишенимдебиз.
  • Тексттин уюшулуш маселелери
    • Маразыков Т. С. Тексттин уюшулуш маселелери: Окуу куралы / КР Билим Беруу жана Илим Мин-ги, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Кыргыз Филологиясы фак-ти, Кыргыз Тил Илими кафедрасы. - Бишкек: "Айат ", 2014. - 160 б. ISBN 9967-13-139-1
    • Бул окуу китебинде кыргыз тилинде текстти уюштуруучу тилдик каражатгар,тематикалык торду түзгөн лексема-синтаксемалардын, абстрактуу маанидеги лексемалардын, темпералдык жана локалдык маанидеги лексема-синтаксемалардьш, лексемалык кайталамалардын, мааниси бир сүйлөмдүн алкагында толук ачылбаган лексемалардын, ат атоочтордун, этиштик баяндоочтордун, стилдик боегу окшош лексема-синтаксемалардын, анафоралык жана катафоралык каражатгардын текстти уюштуруучу кызматы конкреттүү факты-материалдардын негизинде жаңы багытга анализге алынды. Мындай тажрыйба көркөм текстке лингвистикалык жактан талдоо жүргүзүү маселесин чечүүгө чоң салым кошо алат. Окуу китеби филолог адисгерге, студенттерге, аспиранттарга жана тил илимине, сүйлеө маданиятына кызыккан жалпы эле окурмаңдарга арналат.
  • Азыркы кыргыз тилинин синтаксиси
    • Жаманкулова Г.Т. Азыркы кыргыз тилинин синтаксиси: Окуу куралы / КУИА; Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз филология фак-ти.-Бишкек: Улуу тоолор, 2014.-228б. ISBN 978-9967-12-368-7
    • Азыркы кыргыз тилинин синтаксиси боюнча окуу куралы “Жөнөкөй сүйлөмдүн синтаксиси” жана “Кошмо сүйлөмдүн синтаксиси” деген бөлүмдөрдү камтыйт. Жөнөкөй жана кошмо сүйлөмдөр тууралуу маалыматтар, алардын мүнөздөмөсү, классификациясы, семантикасы, структурасы ырааттуулукта берилген жана алар кыргыз тилиндеги бай факты-материалдар менен жабдылган. Синтаксис курсу боюнча окуу куралы жогорку окуу жайларынын кыргыз тили жана мамлекеттик тили боюнча окутуучуларына, аспиранттарга жана студенттерге арналат.
  • Профессиональный русский язык
    • Ахметова Н.А., Абдивалиева Г.А. Профессиональный русский язык: Учебное пособие для студентов медицинских колледжей.-Ош, 2018.- 184с. ISBN 978-9967-438-75-0
    • Пособие для занятий по профессиональному русскому языку предназначено для студентов медицинского колледжа для специальностей «Сестринское дело», «Лечебное депо». Учебное пособие состоит да медицинских текстов, которые включают задания для формирования и развития коммуникативных компетенций на материале медицинской терминологии. В учебнике приведены языковые и речевые упражнения, творческие задания. В качестве контрольных материалов предлагаются упражнения по развитию речи, построенные на общеупотребительном материале, а так же тесты на профессиональную лексику.
  • Көркөм текст: иликтөө жана окутуу маселелери
    • Маразыков Т. С. Көркөм текст: иликтөө жана окутуу маселелери: Монография / Ж.Баласагын атындагы КУУ, Кыргыз филологиясы фак-ти, Кыргыз тил илими кафедрасы. - Бишкек, 2020. - 290 б. ISBN 978-9967-9269-7-4
    • Филология илимдеринин доктору, профессор Т.С. Маразыковдун бул монографиясында көркөм тексттин негизги табияты, анын или- мий теориялык урунттуу маселелери, көркөм текстти орто мектептер- де жана жогорку окуу жайларында окутуу маселелери, көркөм текстке иликтөө жүргүзүү (аны интерпретациялоо) маселелери, ага коюлуучу негизги талаптар, көркөм деталдарды, подтекстте туюндурулган маз- мунду аныктоодо ой жүгүртүү амалдары конкреттүү фактылык мате- риалдардын негизинде ар тараптуу иликтоого алынды. Эмгек - автор- дун коп жылдык илимий изилдөөлөрүнүн үзүрү.
  • Байыркы кыргыз тили ( Семасиография, фонография)
    • Жаманкулова Г.Т. Байыркы кыргыз тили ( Семасиография, фонография).-Бишкек, 2016.-652б. ISBN 978-9967-470-25-5
    • Аталган китеп байыркы кыргыз тилине, анын тарыхый өнүгүшүнө кызыккан окумуштуу-адистерге, аспиранттарга, тилдин тарыхы боюнча сабак берген ЖОЖдун мугалимдерине, дегеле кыргыз элинин, тилинин тарыхына кызыккандарга арналат.
  • Махмуд Кашкаринин «Диваны» жана баяндоочтун транс- формацияланган формалары
    • Жаманкулова Г.Т. Махмуд Кашкаринин «Диваны» жана баяндоочтун трансформацияланган формалары. -Б.: Бийиктик, 2011.- 256 б. ISBN 978-9967-13-786-8
    • Бул эмгекте Махмуд Кашкари жашаган доор жана анын «Дивану лугат-ит-түрк» сөздүгү тууралуу маалыматтар орун алды. «Дивандагы» жана кыргыз тилиндеги баяндоочтун тарыхый жактан трансформацияланган формалары талдоого алынды. Эмгек тилчи-адистерге, окутуучуларга, аспиранттарга, ошондой эле кыргыз элинин жана тилинин тарыхына кызыккан окурмандарга арналат.
  • Алыкул жана азыркы учур
    • Садыков А. Алыкул жана азыркы учур: Илимий – популярдуу басылма / Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз Филологиясы фак-ти; Дүйнөлүк адабияттын тарыхы жана теориясы кафедрасы. - Бишкек: Бийиктик плюс, 2017.-304 б. ISBN 978-9967-33-187-4
    • А.Осмонов тууралуу Ата Мекендик согуштан кийин жазыла баштаган. 2015-жылы анын 100 жылдык мааракесине байланыштуу 2 томдук чыгармалары көп ирет кайрадан басылып, "Алыкул энциклопедиясы” жарык көрдү. Мындан ары да ал тууралуу айтыла турган сөздөр кеп, анын адабий мурасын ичине толгон толгон сыр каткан алтын сандык деп айтсак ылайык келет. Колуңуздардагы китепке Алыкул тууралуу эки монография жана автор дун кийинки 10 жылдыкта жазган адабий-теориялык жана сын макалалары кирди. Китеп Алыкул таанууга кызыккан бардык окурмандарга, өзгөчө орто мектептин окуучуларына жана жогорку окуу жайларынын студенттерине арналат.
35