Электронная библиотека КНУ им.Ж.Баласагына

Моя родина там, где моя библиотека. Эразм Роттердамский


  • Сборник индивидуальных заданий по математике(для нематематических специальностей)
    • Сборник индивидуальных заданий по математике(для нематематических специальностей): Учебное пособие / Г. Т. Исраилова, Г. А. Салиева, Г. Т. Мунапысова, Ч. С. Майлыбашева; МОиН КР; КНУ им.Ж.Баласагына.- Бишкек, 2023.-128с. ISBN 978-9967-02-757-2
    • Данное учебное пособие предназначено для студентов первых курсов высших учебных заведений и преподавателей, ведущих практические занятия по высшей математике. Приводятся методические указания к решению типовых примеров и по 30 вариантов самостоятельных работ по каждой теме.
  • Кыргыз тарыхы: Улуу инсандары
    • Өмүрбеков Т. Н. Кыргыз тарыхы: Улуу инсандары: Илимий басылма.- Бишкек: Турар, 2018.- 448б. ( Тарых жана мурас).- ISBN 978-9967-15-850-4
    • Бул илимий эмгек мурда жарык көргөн эки китептен турат. Аларга айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Биринчи китепте Енисей доорунан тартып XIX кылымдын башына чейинки кыргыз элинин тарыхында зор роль ойногон жана омоктуу орду бар чыгаан инсандардын: кеменгер эл башчылар- дын, эрендердин коп кырдуу коомдук — саясий ишмердиги ырааттуу баян- далды. Акылман жолбашчы, баатыр бабалардын байсалдуу, өтөлгөлүү өмүр жолу байыркы санжыргалуу элибиздин эн, эле бери болгондо эки миң эки жуз жылдан кем эмес жазма бай тарыхынын олуттуу окуялары, урунттуу учурла- ры менен ажырагыс байланышта сүрөттөлөт. Айрыкча алардын Ата Журттун азаттыгы, коз каранды эместиги, элибиздин эгемендиги үчүн күрөштөрүнө өзгөчө басым жасалды. Экинчи бөлүктө Кыргызстандын XIX кылымдын ортосу - XX кылымдын башындагы тарыхында олуттуу роль ойногон Улуу инсандардын коомдук - саясий жана мамлекеттик коп кырдуу ишмердиги ар тараптан комплекстүү түрдө изилденет. Алардын катарына Ормон хан, Боромбай бий, Жантай, Алымбек датка, Жангарач, Ажыбек Баатыр, Курманжан датка, Байтик Баа¬тыр, Алымкул Аталык, Шабдан Баатыр ж.б. кирет. Аталган чыгаан инсан¬дардын өрнөктүү өмүрү, кыргыз элинин түпкү кызыкчылыктарына ылайык отогон ак кызматы жана акылман жол башчылар катарында калайыкка таа- ныткан, эл ичинде зор кадыр-баркка ээ кылган артыкча касиеттери, асыл са- паттары тарыхий так даректердин негизинде элестүү баяндалат. Монография окумуштууларга, аспиранттарга, студенттерге жана жалпы эле тарых күйөр- мандарына арналат.
  • Кыргыз эл оозеки чыгармалары(1950-2010-жж.)
    • Кыргыз эл оозеки чыгармалары(1950-2010-жж.) Махабат ырлары: Хрестоматия. 1том / Ред.: К. Абакиров, Түз.: А. Абдыразаков.- Бишкек, 2017.- 328б. ISBN 978-9967-32-217-5
    • Аталган жыйнак филолог - окутуучуларга, кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине, аспирант - изденүүчүлөргө, жалпы эле кыргыз китеп сүйүчүлөргө арналат.
  • Адабият – аруу дүйнө
    • Алахан Садык (Тиллебаев Садык Алаханович) Адабият – аруу дүйнө: Адабий – көркөм сын макалалар.- Бишкек, 2015.- 340б. ISBN 978-9967-04-679-5
    • Жыйнакта ар кайсы жылдары мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыяланып, өз мезгилинин адабий турмушун чагылдырган макалалары менен атадан балага мурасталып келе жаткан көркөм дөөлөттөрүбүз тууралуу жазылган эмгектери топтоштурулду.
  • Кыргыз тили боюнча тесттердин жыйнагы
    • Осмоналиева Г.К. Кыргыз тили боюнча тесттердин жыйнагы: Окуу куралы / КР Билим Берүү жана Илим Мин-ги; Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз филологиясы фак-ти; Филологиялык Билим Берүүнүн технологиялары кафедрасы.- Бишкек, 2017.-165б. ISBN 978-9967-32-288-2
    • Жыйнакка Ж.Баласагын атындагы КУУ кыргыз тилин окуп жаткан студенттерине сунуш кылынган тесттер жана тапшырмалар кирген. Тесттер тилдин деңгээлине ылайыкташтырылып түзүлгөн жана кыргыз тилинин грамматикасын, лексикасын, адабиятын, маданиятын, салт-санааларын камтыйт.
  • Компьютер жана интернет
    • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов, Ред.: У. Бримкулов, А. Өмүралиев, В. Бабак; Ж.Баласагын атындагы КУУ.- Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004.- 380б. ISBN 9967-14-014-3
    • Энциклопедиялык окуу куралы биринчи кезекте мектеп окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерине жана бардык кызыккандарга багытталат.
  • Жусуп Баласагын тууралу баян
    • Жусуп Баласагын тууралу баян / Түз.: К.Артыкбаев; Ред. А.Ч.Какеев; КР Билим Берүү Мин-ги; Ж.Баласагын атындагы КУУ.- Бишкек: АРХИ, 2004.- 348б.,ил.
    • Бул китепке кыргыз элинин XI кылымдагы улуу ойчул акыны Жусуп Баласагын жөнүндөгү тарыхый,адабий иликтөөлөр жана анын атын Кыргыз Улуттук университетине коюунун кыскача таржымалы жөнүндөгү материалдар киргизилди. Мындай жыйнак алгачкы ирет жарык көрүп жатат.
  • Омурткалуу жаныбарлардын зоологиясы сабагы боюнча амниотторду өткөрүүнүн методикалык окуу куралы
    • Кадырова Б.К., Шаршеева Б.К. Омурткалуу жаныбарлардын зоологиясы сабагы боюнча амниотторду өткөрүүнүн методикалык окуу куралы / КР Билим Берүү жана Илим Мин-ги; Ж.Баласагын атындагы КУУ.- Бишкек: Турар, 2009.-160б. ISBN 978-9967-421-88-2
    • Окуу куралы омурткалуу жаныбарлардын зоологиясы боюнча программанын чегинде жазылып, ЖОЖдун табигый факультеттеринин студенттерине, биолог - мугалимдерге, айыл чарба адистиги боюнча орто окуу жайлардын окуучуларына жана биология тармагы боюнча кызыккандарга арналат.
  • Кыргыз тили: Сабактын үлгүлөрү жана сабакты талдоонун методикасы
    • Чыманов Ж.А. Кыргыз тили: Сабактын үлгүлөрү жана сабакты талдоонун методикасы / КР Билим Берүү жана Илим Мин-ги; Ж.Баласагын атындагы КУУ.- Бишкек: Турар, 2009.- 64б. ISBN 978-9967-421-76-9
    • Методикалык колдонмодо орто мектептерде кыргыз тилин окутуудагы татаал темаларды, текстти жана фразеологизмдерди окутуунун технологиясы сабактын үлгүлөрү формасында иштелип чыкты. Бул темалар практик мугалимдердин өтүнүчтөрү, суроо-талаптарынын негизинде, аларга практикалык жардам берүү максатында иштелди.
  • Сүйлөө маданияты жана стилистика. 1 бөлүм
    • Дүйшеев Жумакадыр Сүйлөө маданияты жана стилистика. 1 бөлүм: Студенттер, мугалимдер үчүн окуу куралы / КР Билим берүү мин-ги; Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз филологиясы факультети; Кыргыз тил илими кафедрасы.- Бишкек, 2005.- 200б. ISBN 9967-22-806-9
    • Окуу куралынын биринчи бөлүмү сүйлөө маданиятынын теориялык маселелерине, сүйлөөнүн жана тилдин стилине, сүйлөөнүн коммуникативдик сапаты менен публикалык сүйлөөгө арналат.