Бул окуу китеп КР эмгек укугу тармагын, жамааттык эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуунун механизмин, жекече эмгек укугунун өзгөчөлүктөрүн, жекече жана жамааттык эмгек талаш-тар- тыштарын ж.б. чечүу тартибин мүнөздөөчу маселелерди кароого жардам берет. Бардык бөлүмдөр боюнча КР эмгек мыйзамдарынын практикалык комментарийлери сунушталат, эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуунун кыйла татаал маселелерине басым жасалат.
Окуу китеп юристтер жана укук колдонуу ишмердигин жүргүзгөн адистер (иш берүүчүлөр, юридикалык органдар жана мекемелер), ишкерлер, кесиптик бирликтердин өкүлдөрү, ошондой эле ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттери үчүн даректелген.