“Медиасабаттуулук” окуу-методикалык куралы студенттердин дисциплинаны ийгиликтүү өздөштүрүүсүнө коюлган талаптарды, тематикалык планды, дисциплинанын иш программасын, лекциялар жана семинарлар үчүн материалдарды, өз алдынча иштердин жана контролдук суроолордун тизмесин, дисциплинанын окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоосун камтыйт. Окуу-методикалык курал гуманитардык багытта билим берген факультеттердин студенттерине жана окутуучуларына арналган.