Электронная библиотека КНУ им.Ж.Баласагына

Моя родина там, где моя библиотека. Эразм Роттердамский


  • Алтай тектүү элдердин цивилизациясы
    • Жаманкулова Г.Т. Алтай тектүү элдердин цивилизациясы: Илимий басылма / КУИА; Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз филология фак-ти; Кыргыз тил илими кафедрасы.- Бишкек: Улуу Тоолор, 2018.-284б. ISBN 978-9967-29-058-7
    • Бул эмгекте цивилизация жана анын критерийлери, көчмөндөр цивилизациясы, анын өзгөчөлүгү, хунн жана түрк цивилизациялары, локалдуу кыргыз цивилизациясы тууралуу сөз болот. Аталган цивилизациялар пайда болуу, гүлдөө жана төмөндөө этаптары боюнча каралат. Алтай тил биримдигин камтыган байыркы Алтай доору көчмөн цивилизациялардын башатында турат. Кыргыз цивилизациясынын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири катары байыркы кыргыз жазуулары иштин экинчи бөлүгүндө берилет. Аталган эмгек түрк элдеринин жана кыргыз элинин тарыхы, кыргыз жазуулары боюнча адистерге, мугалимдерге, аспиранттарга, дегеле жогоруда аталган маселелерге кызыккан кыргыз жарандарына арналат.
  • Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш (Кыскача тарыхый баян)
    • Өмүрбеков Т. Н. Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш (Кыскача тарыхый баян) / Илимий ред. Т.К.Чоротегин.- Б. : "MaXprint", 2016. - 200 с. (Тарых жана маданият жылы) ISBN 978-9967-12-618-3
    • Китепте 1916-жылкы кыргыздардын улуттук-боштондук кыймылын мезгилдин өктөм талабына ы лайы к жаңыча өңүттө илимий изилдөө аракети жасалды. Негизги бөлүмдөрдө көтөрүлүштүн социалдык-экономикалык,саясий өбөлгөлөрү жана себептери, башталышы, ар кайсы аймактардагы уюштурулушу, жүрүшү көп кырдуу тарыхый даректердин негизинде ырааттуу баяндалат. Эмгекте көтөрүлүштүн жетекчилеринин ролун жана ээлеген ордун, улуттук-боштондук мүнөзүн, мыйзам ченемдүү кыймыл экендигин акыйкат, калыс аныктоого басым жасалды. ЖОЖдордун студенттерине, жалпы эле тарых күйөрмандарына арналат.
  • Жалпы жер таануу
    • Кулматов Т. Н. Жалпы жер таануу: Окуу китеби / КР Билим Беруу жана Илим Мин-ги; Ж.Баласагын атындагы КУУ;География, экология жана туризм фак-ти; Физикалык география кафедрасы . - Бишкек: "Принт Экспресс", 2019. - 236 б. ISBN 978-9967-32-335-3
    • "Жалпы жер таануу" окуу китебинде жер бетинин жаратылышынын айрым бөлүктөрү өз ара байланышта болуп бирдиктүү географиялык катмарды калыптандыраары баяндалант.
  • Кыргыздардын жана кыргыз жазуусунун тарыхы (байыркы замандан б.з. X к. чейин)
    • Жаманкулова Г.Т. Кыргыздардын жана кыргыз жазуусунун тарыхы (байыркы замандан б.з. X к. чейин): Илимий басылма. 2 китеп Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналат / КУИА; Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз филология фак-ти. -Б.: «Улуу тоолор», 2014. - 370 б. ISBN 978-9967-12-381-6
    • Бул эмгекте кыргыздардын жана кыргыз жазуусунун байыркы замандан баштап б.з. X кылымына чейинки тарыхы камтылган. Кыргыздардын тарыхы алтай доору, хунн доору жана түрк доору менен байланышта каралып, түрк тилдүү элдердин ичинде алган орду, алар менен карым-катышы, кыргыз мамлекеттүүлүгү, өз алдынчалыгы, көчмөн турмушу, каада-салты ж.б. кеңири баяндалат. Китеп окумуштууларга, окутуучуларга, аспиранттарга жана кыргыз тарыхына, кыргыз жазуусунун тарыхына, дегеле түрк элдеринин тарыхына кызыккандарга арналат.
  • Кыргыздардын жана кыргыз жазуусунун тарыхы (байыркы замандан б.з. X к. чейин)
    • Жаманкулова Г.Т. Кыргыздардын жана кыргыз жазуусунун тарыхы (байыркы замандан б.з. X к. чейин): Илимий басылма. I китеп Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналат / КУИА; Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз филология фак-ти. -Б.: «Улуу тоолор», 2014. - 452 б. ISBN 978-9967-12-381-6
    • Бул эмгекте кыргыздардын жана кыргыз жазуусунун байыркы замандан баштап б.з. X кылымына чейинки тарыхы камтылган. Кыргыздардын тарыхы алтай доору, хунн доору жана түрк доору менен байланышта каралып, түрк тилдүү элдердин ичинде алган орду, алар менен карым-катышы, кыргыз мамлекеттүүлүгү, өз алдынчалыгы, көчмөн турмушу, каада-салты ж.б. кеңири баяндалат. Китеп окумуштууларга, окутуучуларга, аспиранттарга жана кыргыз тарыхына, кыргыз жазуусунун тарыхына, дегеле түрк элдеринин тарыхына кызыккандарга арналат.
  • Кыргыз тарыхы: калмак, казак, кокон хандарынын кастыгы. Азаттык наркы
    • Өмүрбеков Т. Н., Асипбаева М. Б. Кыргыз тарыхы: калмак, казак, кокон хандарынын кастыгы. Азаттык наркы: Окуу куралы / Ж. Баласагын атындагы КУУ.- Бишкек: MaxPrint Басма уйу, 2015. - 252 б. - «Мурас» фонду. «Тарых жана мурас» түрмөгү. ISBN 978-9967-12-534-6
    • Бул кошумча окуу куралында XVII к. ортосу - XIX к. орто чениндеги Кыргызстандын саясий абалы, кыргыздардын коомдун турмушундагы орчундуу окуялар, тарыхий тагдырындагы кескин өзгөрүүлөр ырааттуу баяндалат. Калмак, цин-манчжур кошуун- дарынын, айрым казак жана кокон хандарынын чапкындарына каршы элет элинин эгемендүүлүк үчүн чечкиндүү күрөшү чагылдырылды. Тундук кыргыздардын өз алдынча хандык түзүү аракетине, элчилик ишмердигине кеңири орун берилди. Бул доордогу олуттуу окуялар улуу инсандардын ишмердиги аркылуу сүрөттөлдү. Кошумча окуу куралы Кыргызстандагы ЖОЖдордун студенттерине жана жалпы тарых күйөрмандарына арналат.
  • Борбордук Азия элдеринин тарыхы
    • Өмүрбеков Т. Н., Асипбаева М. Б. Борбордук Азия элдеринин тарыхы: окуу-усулдук комплекси. - Бишкек: Maxprint, 2018. - 152 б. ISBN 978-9967-32-321-6
    • Бул окуу-усулдук комплекс Кыргызстандын жогорку окуу жайларында профессионалдуу тарыхчыларды даярдоодогу, Борбордук Азия элдеринин тарыхын окуп үйрөтүүдөгү окуу-усулдук комплекс катары сунушталат. Тарых адистигине даярдоого коюлган мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп берет. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинин Жалпы тарых кафедрасы тарабынан жана факультеттин окуу-усулдук комиссиясы тарабынан басууга сунушталат.
  • История факультета истории и регионоведения Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына (1932-2022 гг.)
    • История факультета истории и регионоведения Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына (1932-2022 гг.): Посвящается 90-летию КНУ им.Ж.Баласагына / КНУ им.Ж.Баласагына; Фак-т Истории и Регионоведения.- Бишкек,2022.- 572с. ISBN 978-9967-32-467-1
    • Книга представляет результаты комплексного исследования истории факультета истории и регионоведения Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына и вклада преподавателей факультета в науку, учебный процесс, воспитание студенческой молодежи, подготовку специалистов высшей квалификации для республики. На основе архивных материалов отражена научно-педагогическая деятельность ученых-историков и преподавательского состава факультета. Издание рассчитано на широкий круг читателей - исследователей, аспирантов, студентов, интересующихся историей и проблемами высшей школы Кыргызстана.
  • Эсенгул баатыр – Чоң Эсенгул (1727-1730 - 1803-жж.)
    • Өмүрбеков Т. Н. Эсенгул баатыр – Чоң Эсенгул (1727-1730 - 1803-жж.): Илимий-популярдуу басылыш / Ж.Баласагын КУУ.- Бишкек, 2018.- 75б.
    • Бул чакан китепте XVIII кылымдагы кыргыздардын чыгаан инсаны Болот бий уулу Эсенгул баатырдын өтөлгөлүү өмүрү жана коомдук - саясий ишмердиги баяндалат. Арийне, анын эл - жердин эркиндиги, эгемендиги жана көз каранды эместиги үчүн жүргүзгөн күрөштөрүнө негизги басым жасалды. Ошондой эле кыргыздардын ич ара ынтымагы, тышкы коркунучтар күчөгөн учурлардагы биримдигинин чындалышы түбөлүктүү тарыхий кубулуштар катары сүрөттөлөт.
  • Кыргызстандын тарыхы
    • Өмүрбеков Т. Н. Кыргызстандын тарыхы: Окуу китеби. I бөлүк / КР Билим жана Илим Мин-ги; Ж.Баласагын атындагы КУУ. - Бишкек: 2017. - 355 б. ISBN 978-9967-28-503-3
    • Кыргызстандын тарыхы окуу китеби кыргыздардын жана Кыргызстандын байыркы доордон тартып, XX кылымдын башына чейинки тарыхын ырааттуу баяндоого арналган. Окуу китебинде кыргыздардын ататеги, байыркы мекени, журт-конуш которуулары, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсү чагылдырылган. Ошондой эле саясий абалы, кыргыз мамлекет- түүлүгүнүн башаты, этаптары, Кыргызстандын аймагында алгачкы жана орто кылымдардагы мамлекеттердин калыптанышы, күч алышы оз ара ажырагыс байланышта баяндалат. Мындан тышкары кыргыздардын коңшу элдер, өлкөлөр менен оз ара байланыштарына, эгемендик жана коз каранды эместнк үчүн күрөштөрүнө кеңири орун берилген. Олуттуу окуялардын көпчүлүтү улуу инсандардын ишмердиги аркылуу суроттолот. Окуу китеби ЖОЖлардын студенттерине арналат.
36