Кыргыз Республикасында экологиялык билим берүү, ал билимди турмуш-тиричилигинде, айлана-чөйрөнү коргоодо колдонуу бирден бир негизги багыт болуп саналат. Берилген окуу китебин жазууда биздин максатыбыз дагы айлана - чөйрөнү кандай химиялык заттар булгап жатат жана аларга кандай көзөмөл жүргүзүп, алардын алдын алуу, таасирин азайтуу жөнүндө экологиялык билим берүү болду.Бул окуу китеби жалаң эле ЖОЖдордун студенттерине керек болбостон, жаратылышты таза сактоону, коргоону көздөгөн баардык мекенчил, маданияттуу адамдарга жардам берет деп ойлойбуз.