Бул окуу-методикалык китеп жогорку окуу жайларынын
журналистика факультеттеринин күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн студенттери жана окутуучулары үчүн жазылган. «Репортердук иш жана газеталык жанрлар» окуу куралында «Журналисттин чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн негиздери» предметинин негизги бөлүмдөрү камтылган. Окуу куралды түзүүдө автор курстук лекцияларга, илимий изилдөө, журналистикалык практикага жана жаңы адабияттардын тажрыйбаларын эске алган. Окуу куралы журналистикага кызыккан калемгерлерге да багытталган.