Бул эмгекте цивилизация жана анын критерийлери, көчмөндөр цивилизациясы, анын өзгөчөлүгү, хунн жана түрк цивилизациялары, локалдуу кыргыз цивилизациясы тууралуу сөз болот. Аталган цивилизациялар пайда болуу, гүлдөө жана төмөндөө этаптары боюнча каралат. Алтай тил биримдигин камтыган байыркы Алтай доору көчмөн цивилизациялардын башатында турат. Кыргыз цивилизациясынын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири катары байыркы кыргыз жазуулары иштин экинчи бөлүгүндө берилет. Аталган эмгек түрк элдеринин жана кыргыз элинин тарыхы, кыргыз жазуулары боюнча адистерге, мугалимдерге, аспиранттарга, дегеле жогоруда аталган маселелерге кызыккан кыргыз жарандарына арналат.