Электронная библиотека КНУ им.Ж.Баласагына

Моя родина там, где моя библиотека. Эразм Роттердамский


  • Русский язык
    • Розенталь Д.Э. Русский язык. Упражнения и комментарии: №1 среди пособий по русскому языку.-М.: Эксмо, 2011.-352с. ISBN 978-5-699-49852-9
    • Пособие содержит практические упражнения различной степени сложности по основным разделам школьного курса русского языка. Пособие поможет подготовиться к ЕГЭ и сдать его на самый высокий балл. Это новое издание будет одинаково полезно школьникам, студентам, преподавателям, а также всем, кто хочет владеть в совершенстве русским языком.
  • Кыргыз билим журту
    • Баймырзаев Б.А. Кыргыз билим журту: Окуу куралы / Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз Филологиясы фак-ти; Кыргыз адабияты кафедрасы.- Бишкек, 2020.-356б. ISBN 978-9967-32-378-0
    • Китеп гуманитардык багыттагы адистерге,студенттерге,аспиранттарга,магистранттарга,окутуучу-мугалимдерге жана жалпы эле улуттук билим берүүнүн тарыхына кызыккан окурмандарга арналат.
  • Азыркы кыргыз поэзиясы тууралуу айрым этюддар
    • Исаева С.Н. Азыркы кыргыз поэзиясы тууралуу айрым этюддар: Окуу куралы / Жусуп Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз филологиясы фак-ти; Кыргыз адабияты кафедрасы.– Бишкек, 2013. – 115 б. ISBN 978-9967-02-927-9
    • Адабиятчы-педагог С.Исаеванын бул кошумча окуу куралы кийинки он жыл аралыгындагы кыргыз поэзиясынын өнүгүү тенденцияларын талдоого алган. Аларда өткөөл мезгилдеги улуттук поэзиянын жанрдык, тематикалык, идеялык, стилдик маселелери анын ирдүү өкүлдөрүнүн чыгармачылыгынын мисалында сөзгө алынат. Китеп кыргыз тили жана адабияты боюнча адис-филологдорго, студенттерге, аспиранттарга арналат.
  • ХХ кылымдын соңундагы кыргыз эпикалык поэзиясы
    • Исаева С.Н. ХХ кылымдын соңундагы кыргыз эпикалык поэзиясы: кошумча окуу куралы / Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз филологиясы фак-ти; Кыргыз адабияты кафедрасы. –Б.;2018.-125б.
    • Адабиятчы-педагог С.Исаеванын бул кошумча окуу куралы 1985-2000-жылдар аралыгындагы улуттук поэзияда эпикалык жанрдын өнүгүш багыттарына арналып, мында поэмалар, дастандар, поэтикалык романдар иликтенет. Бул кошумча окуу куралы азыркы адабият тууралуу изилдөөлөр жүргүзүлбөй калган шартта бул китеп ошол боштукту толтуруп, студенттердин, магистранттардын билимин, кругозорун кеңейтүүгө көмөк болот жана жалпы эле поэзия күйөрмандарына арналат.
  • Беш молдо
    • Садык Алахан (Тиллебаев Садык Алаханович) Беш молдо. (Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Молдо Багыш) – Б.: “Аят”, 2004. – 160 б.ISBN 9967 – 04 – 093 – 9
    • Адабиятчы жана сынчы Садык Алахандын бул жаңы китебине өткөн тоталитардык замандын учурунда адилетсиз унутта калтырылып келген улуу акындардын өмүрү, чыгармачылыктары жөнүндөгү изилдөөлөрү топтоштурулду. Китеп ЖОЖдор менен орто мектептердин окутуучуларына, аспиранттарга, студенттерге, улуттук сөз өнөрүбүзгө кызыккан бардык адамдарга багышталат.
  • Айтматов тууралуу алты сөз…
    • Садык Алахан (Тиллебаев Садык Алаханович) Айтматов тууралуу алты сөз… (Монография, макалалар, адабий пикирлер) – Б.: Университет, 2023. – 226 бет. ISBN 978-9967-9480-2-0
    • Белгилүү адабиятчы Садык Алахандын бул жаңы эмгегинде улуу жазуучубуз адабият дүйнөсүнө жаңыдан кадам койгон өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынын баш ченинде орус тилинде жазылып, мезгилдүү басма сөз беттеринде жарык көрүп, бирок, ошол жылдардан бери кийинки муундагы окурман журтка дээрлик белгисиз боюнча калып келген “Гезитчи Дзюйо”, “Ашым”, “Биз андан ары барабыз”, “Сыпайчы”, “Кайракта” деп аталган беш аңгемеси изилдөөгө алынган “Айтматовдун алгачкы аңгемелери” деп аталган монографиясы, калемгердин Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтунун архивинде сакталып турган өздүк делосу, айрым чыгармалары (“Кыямат”, “Алтын жана кар”) жөнүндө жазылган иликтөөлөрү жана айрым бир айтматовтаануучулардын эмгектери жөнүндөгү сын макалалары топтоштурулду. Улуу калемгердин аталган беш аңгемеси белгилүү котормочу, орус совет адабиятынын классиги Валентин Распутиндин өлбөс-өчпөч чыгармаларын, Чыңгыз Айтматовдун “Кассандранын эн белгиси” романын эне тилибизге таржымалаган Мырзаян Төлөмүшевдин котормосунда тиркеме катары берилди.
  • English vocabulary in use. Elementary: Vocabulary reference and practice with answers and ebook.
    • McCarthy Michael., O'Dell Felicity English vocabulary in use. Elementary: Vocabulary reference and practice with answers and ebook. - 3rd edition. – Cambridge: "Cambridge University Press", 2017. – 175 p.
    • The words you need to communicate with confidence. Vocabulary explanations and practice for elementary level (A2) learners of English. Perfect for both self-study and classroom activities. Quickly expand your vocabulary with 60 units of easy to understand explanations and practice exercises. Also inside the book is a code for an ebook. This is the same as the printed book, but with audio so that you can listen to new words as well as reading them.
  • Кыргыз эл оозеки чыгармалары
    • Кыргыз эл оозеки чыгармалары (Санат-насыяттар,термелер, айтыштар, дастандар, санжыралар, болумуштар, казалдар, макалдар, табышмактар, таамай сөздөр,тарыхый сѳздѳр,ѳлѳңдѳр, анегдоттор, куудулдук өнөр),(1950-2010-жж.): Хрестоматия II том / Фил. илим. канд. проф. К. Абакировдун жалпы ред. астында.-Бишкек:«Ucolor», 2017. - 428 бет.
    • Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгы боюнча түзүлгөн бул хрестоматиялык жыйнактын П тому өзүнө 1950-жылдан 2010-жылга чейинки фольклордук материалдарды камтыйт. Мында негизинен санат-насыят ырлары,термелер, айтыштар, дастандар, санжыралар, болумуштар, казалдар, макалдар,табышмактар, таамай сөздөр,ѳлѳңдѳр,анекдоттор, куудулдук өнөр орун алды.Кыргыздын оозеки өнөрүнүн соңку ал-абалы, келечеги жөнүндөгү тыянак-бүтүмдү ушул иргелген материалдардан да билсе болот. Жыйнак филолог-окутуучуларга, кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине, аспирант-изденүүчүлөргө, жалпы эле кыргыз рухий маданиятына кайдыгер карабаган китеп окурмандарына арналат.
  • Кыргыз сатирасы: ой жүгүртүүлөр , талдоолор
    • Баймырзаев Б.А. Кыргыз сатирасы: ой жүгүртүүлөр , талдоолор:Окуу куралы. –Бишкек , 2023.- 282 бет.
    • Бул окуу куралында кыргыз элинин күлкү өнөрү, улуттук сатирасынын башаты, коомдук турмуштан алган орду, 1960-жылдардан кийинки кыргыз сатирасынын ал-абалы, бул мезгилде адабий чөйрөгө аралашкан сатирик акындар М. Турсуналиев, Ж. Алыбаев, Э.Ибраев, А.Кыдыров, Ж.Рысбаев өңдүү калемгерлердин чыгармачылыгы адабий талдоого алынат. Албетте, бул окуу куралы менен эле кыргыз сатирасынын пайда болуу, калыптануу мезгилине толук баа берүү мүмкүн эмес. Негизги илимий маселелердин айрым гана урунттуу жагдайлары бул окуу куралынан орун алды. Окуу куралы илимий кызматкерлерге, ЖОЖдордун гуманитардык факультеттеринин студентерине, изденүүчү-аспиранттарына, окутуучуларына жана мектеп мугалимдерине, жалпы эле кыргыздын күлкү өнөрүнө көңүл кушу түшкөн китеп окурмандарына багышталат.
  • English File. Advanced
    • English File. Advanced: Student's Book with online practice. – 4th ed. -Great Clarendon: "Oxford University Press", 2019. - 175 p.
    • English File's unique, lively and enjoyable lessons are renowned for getting students talking. In fact, 90% of English File teachers we surveyed in our impact study found that the course improves students' speaking skills. How will English File get your students talking? Lessons and activities that provide the necessary language, motivation and opportunity for students to talk with confidence. Learners build confidence to communicate with a proven balance of Grammar, Vocabulary, Pronunciation and Skills Development in every File.
35