Электронная библиотека КНУ им.Ж.Баласагына

Моя родина там, где моя библиотека. Эразм Роттердамский


  • Махмуд Кашкаринин «Диваны» жана баяндоочтун транс- формацияланган формалары
    • Жаманкулова Г.Т. Махмуд Кашкаринин «Диваны» жана баяндоочтун трансформацияланган формалары. -Б.: Бийиктик, 2011.- 256 б. ISBN 978-9967-13-786-8
    • Бул эмгекте Махмуд Кашкари жашаган доор жана анын «Дивану лугат-ит-түрк» сөздүгү тууралуу маалыматтар орун алды. «Дивандагы» жана кыргыз тилиндеги баяндоочтун тарыхый жактан трансформацияланган формалары талдоого алынды. Эмгек тилчи-адистерге, окутуучуларга, аспиранттарга, ошондой эле кыргыз элинин жана тилинин тарыхына кызыккан окурмандарга арналат.
  • Алыкул жана азыркы учур
    • Садыков А. Алыкул жана азыркы учур: Илимий – популярдуу басылма / Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз Филологиясы фак-ти; Дүйнөлүк адабияттын тарыхы жана теориясы кафедрасы. - Бишкек: Бийиктик плюс, 2017.-304 б. ISBN 978-9967-33-187-4
    • А.Осмонов тууралуу Ата Мекендик согуштан кийин жазыла баштаган. 2015-жылы анын 100 жылдык мааракесине байланыштуу 2 томдук чыгармалары көп ирет кайрадан басылып, "Алыкул энциклопедиясы” жарык көрдү. Мындан ары да ал тууралуу айтыла турган сөздөр кеп, анын адабий мурасын ичине толгон толгон сыр каткан алтын сандык деп айтсак ылайык келет. Колуңуздардагы китепке Алыкул тууралуу эки монография жана автор дун кийинки 10 жылдыкта жазган адабий-теориялык жана сын макалалары кирди. Китеп Алыкул таанууга кызыккан бардык окурмандарга, өзгөчө орто мектептин окуучуларына жана жогорку окуу жайларынын студенттерине арналат.
  • Кыргыз адабий тилинин лексика жана лексикология бөлүмүнө арналган лекциялардын конспектилери
    • Биялиев А. Кыргыз адабий тилинин лексика жана лексикология бөлүмүнө арналган лекциялардын конспектилери: Окуу китеби / Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз филологиясы фак-ти; Кыргыз тили илими кафедрасы.- Бишкек, 2014.-146б.
    • Кыргыз тилинин кыргызча-орусча, түшүндүрмө, орфографиялык сөздүктөрүндөгү лексикалык тилдик фактылары жана ага карата айтылган пикирлер, ага кошумча лексиканын уюткусу-уңгу сөздөрдүн өнүгүшүн изилдөөгө тиешелүү теориялык жоболор эске алынып, алардын негизинде гана бул бөлүм боюнча атайын курс адис филологдорду даярдоодо окутулуп келе жатат.
  • Лингвистическая прагматика экспрессивных речевых актов в немецком и кыргызском языках
    • Кадырбекова П. К. Лингвистическая прагматика экспрессивных речевых актов в немецком и кыргызском языках: монография / МОиН КР; КНУ им.Ж.Баласагына; Кафедра Германистики и межкультурной коммуникации. - Б. : " Универстиет ", 2014. - 156 с. ISBN 978-9967-32-036-9
    • В монографии освещается новая область лингвистики – межкультурная прагматика, в которой речь идет о том, как представители разных культур употребляют язык в речевых актах в рамках межкультурной коммуникации.
  • Азыркы кыргыз тилинин фонетика бөлүмү боюнча лекциялык курстун тексттери, практикалык сабактардын жыйнагы
    • Дүйшеев Жумакадыр Азыркы кыргыз тилинин фонетика бөлүмү боюнча лекциялык курстун тексттери, практикалык сабактардын жыйнагы: Окуу куралы / КР Билим жана Илим Мин-ги; Ж.Баласагын атындагы КУУ; Кыргыз филологиясы фак-ти; Кыргыз тил илими кафедрасы . – Бишкек, 2015. - 293 бет. ISBN 978-9967-02-651-3
    • Бул окуу куралында фонетиканы окуп үйрөөнүнүн толук курсу боюнча негизги түшүнүктөр, теориялык аныктамалар берилет. Аталган курста кыргыз таануу, лекциялык жана практикалык, лабараториялык сабактарды окутуунун илимий-методикалык негиздери сунушталат.
  • Кыргыз тилинин практикалык курсу боюнча методикалык колдонмо
    • Кыргыз тилинин практикалык курсу боюнча методикалык колдонмо (кыргыз классын бүтүргөн топтор үчүн) / А. Т. Алымова, К. Ү. Назарбекова, З. А. Алымбаева, Г. Ж. Элтузерова, М. Г. Думанаева, Э. С. Искакова.- Бишкек: 2017. -128 б. ISBN 978-9967-32-301-8
    • Бул методикалык колдонмо Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз мектебин бүтүргөн студенттер үчүн азыркы талапка ылайык мамлекеттик тил боюнча билимдерин өркүндөтүү, кеп ишмердүүлүгүн арттыруу, лексикасын байытуу, сүйлөшүү маданияты боюнча билимдерин толуктоо максатын көздөйт. Методикалык колдонмо КУУда окутулуп жаткан мамлекеттик тил боюнча окуу программасынын негизинде түзүлдү. Аталган методикалык колдонмо жалпы студенттерге, окутуучуларга. мамлекеттик тилди өз алдынча үйрөнүүчүлөргө арналат.
  • Кыргыз тили
    • Назарбекова К.У., ж.б. Кыргыз тили: Окуу китеби / КР Билим Беруу жана Илим Мин-ги, Ж. Баласагын атындагы КУУ; Мамлекеттик тил кафедрасы; К.У.Назарбекова, Г.Ж.Элтузерова, Р.К.Досалиева. - Бишкек, 2015. - 336 б.- ISBN 978-9967-02-968-2
    • Бул окуу китеби Ж.Баласагын атындагы КУУнун улантуучу топтордо окуган 1-курстун студенттерине азыркы талапка ылайык мамлекеттик тил боюнча билимдерин өркүндөтүү, лексикасын байытуу, алган билимдерин толуктоо максатында түзүлдү. КУУда окутулуп жаткан мамлекеттик тил боюнча окуу программасына ылайыкталып иштелип чыкты. Аталган окуу китеби студенттерге, окутуучуларга, мамлекеттик тилди өз алдынча үйрөнүүчүлөргө арналат.
  • Пословицы и поговорки народов Востока
    • Урджегитова К. Д. Пословицы и поговорки народов Востока: Сборник / КНУ им. Ж. Баласагына.- Бишкек, 2017.-208с. - ISBN 978-9967-32-242-4
    • Книга представляет собой сборник пословиц и поговорок народов Востока (Кыргызстан, Казахстан, Узбекистан, Таджикистан, Туркмения, Азербайджан, Грузия, Башкирия, Абхазия, Адыгея, Ашанти, Китай, Зулу, Суахили, Пушту, Телугу, Турция, Хинди, Хауса, также Арабские, Амхарские, Ассирийские, Бенгальские, Вьетнамские, Гагаузские, Древнеиндийские, Даргинские, Каракалпакские, Корейские, Китайские, Курдские, Лакские, Лезгинские, Малаяльские, Непальские, Осетинские, Персидские, Сингальские, Тамильские, Тайские, Татарские, Чеченские, Шумерские, Японские и др.) В сборнике раскрываются источники возникновения, становления, развития психологической мысли и взаимовлияние духовных культур, возрождение ценностей, вековых народных традиций через пословицы и поговорки народов Востока.
  • Английский язык для экономистов
    • Абдукаримова 3. Б. Английский язык для экономистов: Учебник / МОиН КР; КНУ им.Ж.Баласагына. - Бишкек, 2023. - 171 с.- ISBN 978-9967-32-194-7
    • Учебник предназначен для проведения практических занятий со студентами, обучающихся на бакалавриате, по дисциплине «Английский язык». Благодаря знаниям и навыкам, приобретенным с помощью этого учебника, студенты смогут легко ориентироваться в значительных потоках экономической информации.
  • «Сүйлөө маданияты»
    • Дүйшеев Жумакадыр «Сүйлөө маданияты»курсунун практикум программасы.- Бишкек: " Университет ", 2013. - 66 бет.
    • Типтүү программада сүйлөө маданиятынын теориялык маселелерин, сүйлөөнүн жана тилдин стилин, байланыштуу сүйлөөнүн коммуникативдик сапаттары менен сүйлөөнүн прагматикалык практикумун окутуунун жалпы багыттары иштелип чыкты.
35